Жан таттуу. Беларусияда дарыгерлер массалык түрдө иш таштай башташты
- 13.04.2020, 10:33,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Дүйнө эли жугуштуу илдеттен улам санаа тартып турган учур. Өзгөчө бул сокку дарыгерлерге катуу тийип турган чак. Анткени дарыгерлер азыр өрт аралап бара жаткан жоокерлердей эле кызмат кылышууда. Бирок жан деген таттуу да, мындай кырдаалда иши кылып аман калсак болду деп, иш таштай качкан дарыгерлер да бар. Алардын массалык түрдө иш таштай баштаган учуру алгачкылардан болуп Белорусия мамлекетинде катталды. Бул тууралуу “Подъем” басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Минск жана Витебск ооруканасынын кызматкерлери массалык түрдө иштен баш тартышууда.
“
Бизде ооруканада иштеген пенсиядагы кызматкерлер, адегенде эмгек өргүүгө кетүүгө, андан ары өзүлөрүнүн эсебинен эс алууга арыз жазышууда. Жетекчилик экинчи арызына кол коюну каалаган жок, бирок кызматкерлер иштен биротоло кетээрин айтып, коркутуп жатышат" дейт аталган ооруканалардын биринде иштеген дарыгерлердин бири.
Эскерте кетели, Белорусияда 2000ге чукул адам коронавирус жуктуруп, 20дай адам каза болгон, 200гө чукулу айыгып чыккан.