Вице-премьерликке Аида Исмаилова, Саламаттык сактоо министрлигине Сабиржан Абдикаримов сунушталууда
- 01.04.2020, 14:41,
- Саясат / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Премьер-министр Кыргызстандын вице-премьер-министрлик кызматына Аида Исмаилованын, ал эми саламаттык сактоо министрлигине Сабиржан Абдикаримовдун талапкерлигин Жогорку Кеңешке көрсөттү.
Аида Исмаилова - парламенттеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты. Ал эми Сабиржан Абдикаримов Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик инфекциялар борборунун жетекчиси болуп иштеп келген. 2010-жылдан соң кыска убакыт саламаттык сактоо министри болуп турган.