У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жалал-Абад шаарында бардык дарыгерлер коронавирус жуктуруп алды


Уккан адамдын жүрөгү канайт. Азыр жаман илдет менен ооругандарды дарылап жаткан дарыгерлер ок аралап жүргөн баатырдай эле. Бардык көңүл дарыгерлерге бурулуп, вирус жуктуруп албаш үчүн болгон аракеттер жүргүзүлүшү керек эле. Тилекке каршы мындай коргонуу мыкты деңгээлде болбой жатканына Жала-Абад шаарындагы  жугуштуу ооруларды дарылоочу оорукананын баардык кызматкери коронавирусту жуктурганы далил болду. Оорукана дарыгерлер ооруп калгандыгына айланыштуу  убактылуу жабылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында аталган оорукана дезинфекцияга жиберилет. «Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын бардык кызматкерлери коронавируска чалдыкканына байланыштуу оорукананы жаап, атайын дезинфекцияга жиберебиз да Ош облус аралык оорукананын бир корпусун бошотуп, аларга койка даярдайбыз» дейт министр.

Учурда аталган оорукананын кызматкерлери үй карантинине алынган, алар менен эң жакын контакт болгондор обсервацияда.
8-апрелге карата Кыргызстанда бул илдет жуккандардын саны 270, алардын 25и айыгып, төртөө каза болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter