Бейшеналиев: Алмазбек Исманкуловду лицензиясынан ажыратууга аракет кылам
- 31.03.2022, 17:49,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Алмазбек Исманкуловдун дарыгерлик лицензиясынан ажыратуу аракетин көрөрүн билдирди.
Бүгүн, 31-мартта министр Исманкулов «Көздүн микрохирургиясы» клиникасы жайгашкан №2 клиникалык оорукананын имаратында барды. Мэрия ижара келишимин жокко чыгарды. Клиника имаратты бошотуп бере элек, бирок бейтаптарды кабыл алуу токтотулган.
«Биз Бишкек мэриясынын имараттын сырттын оңдоо боюнча расмий документтерди алдык. Ал имаратты бошотмоюнча оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөбүз», - деди Бейшеналиев.
Министр Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекеттик каражатка сатылып алынган клиниканын медициналык жабдууларын алып калууга аракет кыларын билдирди.