У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алымкадыр Бейшеналиев: Президентке Исманкуловдун эл аралык шылуун экенин айттым


Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Башкы прокуратура Алмазбек Исманкуловго бюджеттик каражатты максатсыз пайдалангандыгы үчүн иш козгой турганын билдирди.
 
Алмазбек Исманкуловдун «Көздүн микрохирургиялык» ооруканасы иштебейт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Vesti.kg сайтына берген маегинде айтты.  
 
Анын айтымында, Башкы прокуратура профессор Исманкуловго кылмыш ишин козгоого даярданып жатат.
 
 «Анын клиникасы иштебей жатат, бирок аны демонтаждоо үчүн бир аз убакыт керек. Эң негизгиси процесс жүрүп жатат. Кечээ мен президент Садыр Жапаров менен жолугуп, кырдаал боюнча маалымат бердим. Мен ага Исманкулов Түштүк Кореяны, Кыргызстанды алдаган эл аралык шылуун экенин айттым. Кийинчерээк бизге Башкы прокурор да кошулду. Анын айтымында, көзөмөл органы Исманкуловго мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражатты мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн иш козгоого камынып жатат»,-деди ал.
 
Министр Исманкулов аны менен жолугушуудан качып жатканын да белгиледи.
 
«Ал менден качып жатат. Ал менден коркуп жатат. Мен аны кууп чыктым. Мен бир жумадан кийин клиникага барып текшерем. Эгерде ал бир жумадан кийин дагы ошол жерде  болсо, биз анын бардык техникасын сыртка алып чыгабыз»,-деди Бейшеналиев. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter