У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мэрия Исманкуловдун клиникасы менен келишимди жокко чыгарды

  Бишкек шаардык мэриясы Исманкуловдун «Көздүн микрохирургиясы»  клиникасы менен түзүлгөн келишимин жокко чыгарды. Бул тууралуу муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Канат Сагынбаев билдирди.
 
Анын айтымында, клиникага келишимди жокко чыгаруу боюнча билдирүү жөнөтүлгөн.
 
 «Аларга имаратты  бошотууга 10 күн убакыт берилди», - деди Канат Сагынбаев.
 
Эске салсак, Исманкуловдун клиникасы №2 шаардык оорукананын имаратын ижарага алып, борбор калаанын муниципалитетине айына 214 миң сом төлөп турган.
 
2021-жылы клиника менен ижара келишими үч жылга узартылган, бирок оорукананын жетекчилиги да, саламаттыкты сактоо департаменти да имаратты кайтарып берүү маселесин бир нече жолу көтөрүшкөн, анткени медициналык мекемеде орундар жетишсиз болуп, ооруканага жатуу үчүн бейтаптар  эки ай кезекке туруп жатканы айтылган.
 
Февраль айынын ортосунда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев оорукананын жетекчилигине Исманкуловдун «Көздүн микрохирургиясы» клиникасы жайгашкан имаратка коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн керебеттерди жайгаштырууну, ал эми башкы корпуска бейтаптарды кабыл алууну жандандырууну тапшырганы белгилүү болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter