У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министр: Алмазбек Исманкулов 29 млн доллар насыя алган, аны мен төлөйм


 Эгер Алмазбек Исманкулов 2 күндүн ичинде жабдыктарын алып чыкпаса, мен өзүм чыгарам. Бул тууралуу  саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №2 ооруканага барганда билдирди.
 
Исманкуловдун клиникасы Байтик Баатыр жана Жантөшев көчөлөрүнүн кесилишиндеги оорукананын аймагындагы имаратты ээлеп турган.
 
Бейшеналиевдин айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги мындан 20 күн мурун борбор калаанын мэриясы жана шаардык кеңеш аркылуу клиника менен имаратты ижарага берүү боюнча келишимди бузган.
 
«Талаш жаралаган учурда Исманкулов акча берип, келишимди узартып турган. Министр болгондон кийин келишимди узартпагыла десем, 2024-жылга чейин узартып салыптып. Ким кол койгону белгисиз. Көрсө, вице-мэр кол тамгаларды жасалмалап коюптур. Бул боюнча сотко кайрылганбыз», - деди министр.
 
Анын айтымында, Исманкулов кечээ көчүп кетиши керек болчу. Бирок ал убакыт сурап, бүгүн терезелерди чечип кетерин айткан.
 
«Макул, чечсеӊ чечип кет, бирок эски терезелерди кайра тагып кой дегем. 24 жылдан бери акча жасап келген, имараттын абалын карагыла. Түштүк Кореядан 27 миллион доллар насыя алган.  Аны мен төлөйм. Президент акча таап төлөгүлө, Исманкуловду кууп чыккыла, жазалагыла, карызды мамлекет төлөйт деген»,- деди  Бейшеналиев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter