У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министр Бейшеналиев: Исманкулов имаратты бошотпосо, жабдууларын сыртка чыгарып коёбуз


 Саламаттыкты сактоо министрлиги сотко кайрылып, имараттарды мамлекетке кайтарып жатат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 11-мартта Биринчи радиодонун эфиринде айтты.
 
Анын айтымында, алар кээ бир учурда соттон утулуп, кайра сотко кайрылып жатышат. 
 
 «Кечээ сотто утулуп калдык. Бирок биз дагы сотко кайрылып, аягына чейин барабыз», - деди министр.
 
Алымкадыр Бейшеналиев Исманкуловдун клиникасынын айланасындагы кырдаалга да токтолду.
 
«Кечээ Исманкуловдун келишимин жокко чыгарганбыз. Биз аларга убакыт бердик. 8-март иш кандай болуп жатканын көргөнү баргам, бирок Исманкулов ордунан козголбоптур. 4-5 жолу жолугшууну сунуштадым. Келген жок. Мен ага алгач имаратты мамлекетке кайтарып бер, анан каалаганча сотко бере бер дедим. Бүгүн Исманкулов ырым-жырымын имаратта жасап, анан бошотот. Эгер ал жерден чыкпаса, анда биз анын жабдууларын сыртка чыгарып коёбуз. Кантип өз үйүбүзгө кире албайбыз? Бул Саламаттыкты сактоо министрлигинин үйү. Анын сакчылары көчөдө кайтарышсын. Биз  бейтаптарды кабыл ала баштайбыз»,— деди министр. 
 
 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter