У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коронавирустун жаңы штаммдары пайда болушун мүмкүн


ДСУнун башкы директору Тедрос Гебрейесус коронавирустун жаңы штаммдарынын пайда болушун мүмкүн деп атады. Бул тууралуу РБК билдирди.
 
Анын айтымында, омикрон тездик менен кеңейүүдө жана андан кийин жаңы варианттар пайда болушу мүмкүн.
 
Тедрос Гебрейесус кошумчалагандай, омикрон штамы жеӊил өтөт. Бирок оор учурлар да катталат жана өлүмгө алып келген учурлар да кездешет. 
 
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, акыркы жумада COVID-19 инфекциясынын жаңы учурларынын саны 20 пайызга көбөйүп, акыркы жети күндө 19 миллион адам ооруп калган. Ошол эле учурда уюм бул цифралар расмий катталган учурларды гана чагылдырып, реалдуу сан алда канча көп болушу мүмкүн экенин эскертет. Өлүмдүн деңгээли өзгөрүүсүз бойдон 45,000ге жакын.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter