У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Омикрон. ДСУ кырдаал эки жумадан кийин начарлайт деп болжолдоодо


 Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму коронавирустун жаңы омикрон штаммынын жайылышына тынчсызданууда: жаңы инфекциялардын саны ар бир эки-үч күндө көбөйүүдө. Бул тууралуу ДСУнун өкүлү Дэвид Набаррого шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
 
"Бул кырдаал бир жумада сегиз эсе, эки жумада 40 эсе оор болот дегенди билдирет" деди ал.
 
Дэвид Набарро омикрон жоготуулар аз болгону менен Улуу Британиянын жана башка өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо системасы үчүн оор учур болот деп эсептейт. Анын айтымында, абал эки жума же андан аз убакытта начарлап кетиши мүмкүн.
 
Буга чейин Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев жаңы омикрон штаммына республиканын саламаттыкты сактоо тармагы 100 пайыз даяр экенин билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter