У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акыркы жети жумада коронавирус илдетин жуктургандардын саны өстү


 Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму акыркы жети жумада коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны өскөнүн билдирди. Бул тууралуу уюмдун башкы директору Тедрос Адан Гебрейесус брифинг учурунда маалымдады.  
 
Ал белгилегендей, бул тенденция алты региондун төртүндө - Европа, Америка, Түштүк-Чыгыш Азия жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде пайда болгон.
 
ДССУ инфекциялардын көбөйүшүнүн себептерин карап жатат деп ишендирди. 
 
«Бул чектөөлөрдүн жеңилдешине, ар кандай штаммдардын жүгүртүлүшүнө жана адамдардын сергектигине байланыштуу болушу мүмкүн»,- деди Гебрейесус. 
 
ДССУнун башчысы вакциналар адамдардын өмүрүн сактап калууга жардам берет деп баса белгиледи, бирок вакцинага гана ишенбөөгө чакырды.
 
«Коомдук саламаттыкты сактоонун негизги чаралары коронавируска каршы күрөшүүдө өзөктүү бойдон калууда», - деп жыйынтыктады ал. 
 
Уюмдун маалыматы боюнча, өткөн аптада дүйнөдө 2,6 миллиондон ашуун коронавирус инфекциясы катталган. Бир жума мурун бул сан 2,5 миллионго жетпеген болчу.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter