У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


ДССУ акыркы 20 жылдагы дүйнөдөгү өлүмдүн негизги себептерин атады


Жүрөк оорулары дүйнөдөгү өлүмдүн башкы себеби бойдон калууда. Бул илдеттен каза болгондордун саны жылдан-жылга көбөйүүдө. 2019-жылы 2000-жылга салыштырмалуу 2 миллион адам жүрөк-кан тамыр ооруларынан көз жумган. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди.  
 
ДССУнун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндөгү өлүмдүн 16 пайызынын себеби жүрөк-кан тамыр оорулары болуп саналат. Бирок, ДСУнун Европа аймагында акыркы 20 жылда жүрөк ооруларынан каза болгондордун саны 15 пайызга азайган.
 
Ошондой эле, ДССУ адам өмүрүн алган жети ооруну атады, алардын арасына Альцгеймер оорусу жана диабет илдети да кирди. Акыркы жылдары Альцгеймер жана диабет оорусунун өлүм көрсөткүчү 20 жылдын ичинде 70 пайызга өстү.
 
Адам өмүрүн алган алдыӊкы 10 оору:
 Жүрөктүн ишемиялык оорусу; инсульт; өнөкөт өпкө оорусу; төмөнкү дем алуу жолдорунун инфекциялары; жаңы төрөлгөн балдардын оорусу, трахеянын, бронхтун рагы; Альцгеймер оорусу, кем акылдуулуктун башка түрлөрү; ич өтүү; диабет; бөйрөк оорулары.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter