У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жайкы шахмат лагери


Балдар мектептен тараган кезде жайкы каникулду көңүлдүү өткөрүүнү каалашат. Турмуш-шартка байланыштуу бир топ балдар ата-энесине кол кабыш этип жүргөнү менен, балалыктын баёо кезинде ар бир эле бала атайын балдар үчүн уюштурулган лагерлерге баргысы келери бышык. Так ошондой, жайдын ысыгында балдар үчүн уюштурулган шахмат лагери Кыргызстанда бирөө эле. Кызыгуу менен ошол лагерге барып, 8 жашынан баштап өз жашындагылар менен таймашкан турнирлерде биринчи орунду эч кимге алдырбай келген, Кыргызстандын 10 жолку, Азиянын 3 жолку чемпиону, дүйнө чепионаттарынын Дубайдагы, Греция, Италияда, Түркиядагы чемпионаттардын катышуучусу болгон шахмат боюнча машыктыруучу Руслан менен, ошондой эле катышуучулар менен баарлаштык. 
            - Руслан, саламатсыңбы? Жаш болсоң да Кыргызстандын желегин бир нече өлкөдө желбиретип жүрөсүң. Алгач өзүң тууралуу кенен айтып берсең, канча жашыңдан шахмат ойной баштадың? Кантип кызыгып калдың?
 - Саламатсызбы? Мен Съездбеков Руслан 18 жаштамын, шахматты 6-7 жашымда үйрөнө баштагам. Шахматты бизге атам үйрөткөн. Үйдө тогуз бир тууганбыз, байкем, иним, карындаштарым да шахмат ойноп бир топ ийгиликтерди жаратып келе жатат. Карындашым Айжан беш жашынан баштап чет өлкөдөгү шахмат боюча турнирлерге катыша баштаган. Алты жашында Азиядан алтын алып, андан кийин да Азиянын үч жолку чемпиону болгон. Ар бир ийгилигибиздин артында атам менен апам турат.
 - Анан минтип өлкөбүздө шахмат лагерин уюштуруп жатыпсыңар, окуучуларыңа көп убакыт бөлүп жатып жеке машыгууңа убакыт жетпей калбайбы? 
- Азыр ушул өзүбүздүн шахмат лагеринде машыктыруучумун. Албетте, бул лагерди уюштуруп өткөрүүдө көп убакыт, көп энергия, чоң эмгек жумшалат. Жоопкерчилиги да абдан чоң. Ошого карабастан биздин үй-бүлө ушул тармакта өзүбүз гана өркүндөп-өсө бербей, өлкөбүздөгү шахматка кызыккан жаштарга колдоо көрсөтүүнү көздөп, ушул максатты койгонбуз. Азырынча биздин өлкөбүздө атайын шахмат лагери болбогондуктан,   кандай гана шарт болбосун ушул ишти колго алып жатабыз. Ошондуктан жеке кызыкчылыгыма караганда алдыга койгон максаттарым маанилүүрөөк, каалоо болсо баарына жетишсе болот дегендей, албетте, өзүмө да убакыт табам. Машыктыруучулук менден дагы көп изденүүнү талап кылат. 
- Эми лагер тууралуу айтсаң, балдарды кандай шарт менен кабыл аласыңар? Бир жылда канча жолу болот?
- Лагерди үч жыл мурун баштаганбыз. Бир жылда 5-6 агымдан (паток) өткөрөбүз. Биздин лагердин шарттары өтө деле оор эмес, балдар 4-5 жаштан өйдө кабыл алынат. Албетте, 7 жашка чейинки балдарды ата-энелери же туугандарынан бирөө коштоп келет. Алар балдары менен эле биздин лагерге жайгашып эс ала беришет. Бизде мындай учур көп болот. Ал эми жети жаштан өйдө балдар жалгыз келе алышат. Тартипке көнүп, тамак-ашты жакшы жесе эле, калгандарына биз кам көрөбүз. Анткени лагерде эртең менен чуркап, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасайбыз, анан күнүнө эки жолу сабак болуп турат. Андан тышкары, лагердин аянтынан (территориясынан) сыртка чыкпоо, жетекчилердин уруксатысыз бейчеки баспоо, командасы менен ынтымакта бардык программаларга активдүү катышуу керек деген сыяктуу талаптарыбыз бар. Мунун баары коопсуздук жана тартип үчүн маанилүү. 
- Сабактар деп калдың, чын эле сабактар кандай тартипте окутулат, шахматты ар кандай денгээлде ойногон балдар келет да?
- Ооба, бизге бардык региондон, сиз айткандай, шахматты ар кандай деңгээде ойногон балдар келет. Андыктан биз балдарды үч топко бөлөбүз: башталгыч деңгээл, ортонку топ жана шахматты кадыресе жакшы ойноп, жогорку деңгээлде өздөштүргөндөр.  Программабыз жөнүндө айтсам, эртең менен дене тарбия көнүгүүлөрүнөн кийин эртең мененки тамакты ичип, сабакты баштайбыз. Сабакты деңгээлдерге карап үч бөлүп өтөбүз. Эртең менен теориясын түшүндүрүп, өтүлгөн тема боюнча тапшырмалар берилет, андан соң түшкү тамакты ичип Көлдүн жээгинде эс алабыз, суудан кийин шам-шум этип алып практикалык сабакта берилген тапшырмаларды аткарышат. Кечки тамакка чейин балдар өздөрү бири-бири менен шахмат ойноп машыгышат. Каалоочулар бардык учурда шахмат тууралуу каалаган суроолорун берип  жекече да машыга алышат. Жалпысынан, үч айлык программаны күн сайын сабак өтүү аркылуу он күндө өтүп бүтөбүз.
- Жолдомонун баасы тууралуу маалымат бере кетсең?  
- Жолдомону (путёвканы) 0707 323553 номуру аркылуу буюртма берсеңер болот. Жолдомонун ичинде жаткан жери, тамак-ашы, шахмат программасы, Ысык-Көлдүн жээгиндеги эс алуу, ар кандай оюндар, ал гана эмес Бишкетен Ысык-Көлгө чейинки жол киреси да каралган. Июнь айынан баштап, август айына чейин каалаган учурга (патокко) жазылып келе берсе болот. 
- Шахмат лагери башталгандан бери кандай ийгиликтер жаралды?
- Шахмат лагеринде машыгып, эс алып жүргөн окуучулар лагерден кийин да Бишкектеги шахмат мектебине такай катышуу менен турнирлерден бир топ жетишкендиктерге жетишти. Лагердин биринчи патогуна келген окуучулар шыктанып кийинки патокторго да калып калган учурлар көп кездешет. Мисалы, биздин шахмат мектебиндеги окуучулардын ичинде Нурислам Абдылдаев үч жылдын ичинде республикалык деңгээлдеги шахмат оюну боюнча 2-орунга жетип. Андан башка да президенттин кубогунда бир топ байгелүү орунга жетип,  азыр да чоң максаттарды коюп машыгып жатат. Ал жакында эле спорт чеберчилигине талапкерлигин толтурду. Дагы бир окуучум Азиянын чемпионатына барып 3- орунду алып келди. Кээ бир окуучуларым, мисалы Денисаков Мурат деген окуучум бар, ал дагы мыкты көрсөткүчтөргө жетишип, турнирлерде оюнчуларга татыктуу атаандаш катары таанылып келатат. Анан өзүмдүн карындашым Айжан, жогоруда айткандай, 5 жашынан эл аралык турнирлерге катышып жүрүп Азиянын үч жолку чемпиону болду. Келечекте дүйнөлүк деңгээлге чыгып, улутубуздун туусун көтөрөт деген үмүтүм бар. 
- Эми Съездбековдорун шахмат мектебинин келечектеги максты, пландары тууралы кеп кылсак.
- Биздин алдыга койгон максаттарыбыз чоң. Биздин өлкөнүн желегин желбиретип намысын коргой турган жаштарды тарбиялап өлкөбүзгө салым кошсок деген улуу тилегибиз бар. Ал үчүн шахмат мектебин дагы өркүндөтүп, болгон күч-аракет менен иштей беребиз. Ушул жайкы лагерди келечекте эл аралык деңгээлге көтөрүп, чет өлкөдөн да оюнчуларды чакырып, касиеттүү Ысык-Көлүбүздө эс алдырып тажрыйба алмашып, ошондой эле чемпионаттарды өткөрсөк деген изги тилектерибиз бар. 
- Лагерди уюштурууда кандай кыйынчылыктар кездешет?
- Негизи лагерди үй-бүлөбүз менен уюштурабыз. Эң чоң жоопкерчилик атам менен апамда. Анан шахмат боюнча машыктыруучу Арзыбек байкем менен иним Алмаз, карындашым Назира жардам берип колдоп келатышат. Алардын да шахмат боюнча эл аралык деңгээлде ийгиликтерди жаратып, азыр шахмат мектебинде жана атайын чакыруу менен Бишкектеги мектептерде сабак берип жүргөндүгүн баса белгилеп айткым келет. 
Лагерди уюштурууда кандай кыйынчылыктар болорун сурап кеттиңиз, жогоруда айткандай, азырынча мамлекеттик деңгээлде атайын Шахмат мектеби болбогондуктан, биз өз күчүбүз менен, анан биздин аракетти баалаган демөөрчүлөдүн колдоосу менен  уюштуруп келе жатабыз. Жыл сайын эле жайкы лагерди уюштурууда лагерди өткөрө турган ылайыктуу жер таппай калган учурлар болот. Анткени эс алууга, шахмат сабактарына ылайыктуу болгон, ошол эле учурда өтө кымбат эмес жер карайбыз. Себеби шартына карап өтө кымбат жерлерге жайгашып алсак, жолдонмолор (путёвкалар) да кымбат болуп ата-энелер кыйналып калышат. Негизи өзүбүзгө жер алып, ошону шахмат мектебине ылайыктап салып алсак деген кыялыбыз бар. Ал гана эмес эл аралык деңгээлге жооп берген эң жакшы шарттагы пансионат куруп алсак сонун болмок. Анткени келечекте чет өлкөдөн келген оюнчуларды да татыктуу шартта тосуп алып, Кыргызстандын атын чыгарып, аларга кооз жерлерибизди көрсөтүп, шахмат аркылуу достукту бекемдеп, улуттар аралык кызматташтыкты күчөтсөк деген далалатыбыз күч. Мунун баары барып эле каражатка такалат. Бирок биз аракетибизден жазбай, максатыбызга умтула беребиз. Кудайга шүгүр ата-энем турат. Алардын бул тилектерибизди орундатууга болгон колдоосу бизди алга сүрөйт.
 
Жаш болсо да, келечектеги чоң максаттарга жетүү үчүн өздөрүнө катуу талаптарды коё билген шахматчылардын мектебинде туруктуу сабак алып келе жаткан окуучулар да биз менен ой бөлүштү.
- Нурислам, саламатсыңбы?
- Саламатсызбы?
- Айтсаң, сен шахматка канча жашыңдан кызыга баштадың?
- Мен негизи биринчи класстан үйрөнө баштагам.  Азыр 7-классты бүттүм. Шахматты үйрөнгөнгө чейин сабактарымдан бир аз кыйналып жүргөн учурларым болгон. Шахмат аркылуу математика жана башка сабактарга кызыгуум артып, жакшы деген бааларды ала баштадым. Андан сырткары жашоодо кездешкен ар кандай маселелерде логиканы иштетип ар кандай кыйын учурлардан оңой чыгып кетүүгө болорун түшүнө баштадым. Шахмат менин сабактарыма эле эмес, жашоомо да жардамы тие баштады. 
- Сен ушул лагерге үч жылдан бери катышат экенсиң, бул шахмат мектеби эмнеси менен сага жагат?
- Мен 2018-жылы Руслан агайдын сабагына катышып калып, андан көп нерсени үйрөндүм. Анан жайкы шахмат лагерине катыша баштадым. Лагер аркылуу мен тактыкка, сергектикке дагы көп нерселерге үйрөнүп жатам. Эң негизгиси кыска убакытта шахмат боюнча көп теорияларды үйрөндүм. Жөн эле сабак эмес, ден соолукка пайдалуу болгон жайкы эс алуум да жакшы өтүүдө. Бул лагерь мага аябай жаккандыктан, ата-энемдин колдоосу менен дайыма экиден патогуна катышам. 
      Руслан агайдын сабак өткөнү абдан жагат. Ал ар бирибиз менен жекече да иш алып барат. Анан адамдык сапаты жогору. Ар бирибизге мүнөзүбүзгө жараша туура мамиле жасап, сабакты жеткиликтүү деңгээлде жакшы түшүндүрүп берет. Мен андан үлгү алам. Анан Съездбек агайдын үй-бүлөсүндө таланттуу шахматчылар менен достошуу мен үчүн сыймык. Алар мени дайым өз баласындай жылуу кабыл алып, өз балдарына кошуп тартипке тарбиялап келе жатат.
- Сен ушул шахмат мектебинин колдоосу менен кандай ийгиликтерге жетиштиң?
- Кыргызстандын чемпионатында 2-орунда алдым. Юртаевдин кубогунда 2-орунду, ал эми Президенттин кубогунда 3-орунга жетиштим. Келечекте алдыга умтулуп Кыргызстандын жана эл аралык турнирлердин чемпиону болгум келет. Анан, албетте, гроссмейстер болгум келет.

- Мурат, саламатсыңбы?
- Саламатсызбы?
- Шахмат дүйнөсүнө качан, кантип келип калдың?
- Мен азыр он төрт жаштамын. Шахматты он бир жашымда досумдан үйрөнө баштадым. Анан теориясын мектепте Арзыбек агай аркылуу үйрөндүм.
- Шахматтын жашоодо пайдасы бар деп ойлойсуңбу?
- Ооба, математика сабагына жардамы чоң. Андан сырткары жашоодо лидер болууга жол ачат. Туура жолду тандап жүрүп алдыга чыгууга машыктырат. 
- Шахмат оюну боюнча турнирлерге катыштыңбы?
- Ооба. Креатив таалим билим берүү комплексинин кубогунан биринчи орунду алдым, Кыргызстандын чемпионатынан 5-орунду алдым. Съездбековдордун шахмат мектебинен дагы көп машыгып, келечекте эл арлык деңгээлде ийгилик жаратсам деген оюм бар. 
- Бул жайкы лагердин өзгөчөлүгү кандай деп ойлойсуң?
- Бул жерде менин көптөн берки досторум бар. Алар менен көңүлдүү эс алам, машыктыруучулар Арзыбек байке, Руслан байке, Алмаз байке жаш болгондуктан, бизди досундай көрүп жакшы мамиле кылат. Каалаган учурда суроолорго жооп берип жакшы окутушат. Жыл сайын жаңы нерселерди үйрөнөм. Гүлбарчын эже жасаган тамактар аябай даамдуу. Анын мээримдүү мүнөзү да жагат. Дагы айтсам, Көлгө сүзгөн аябай жагат, анан Көлдөгү оюндар жакты. Ошондой эле жаңы досторду таптым. Үйдө болсо дагы башка нерселер менен алектенем. Ал эми бул жакта болсо эс алам жана шахматты кунт коюп үйрөнө алам. Кийин агайларыма жардамчы болуп мен да көп балдарга шахмат үйрөткүм келет.  Өзүм баалаган Дубов, Карлсен сыяктуу оюнчу болгум келет.

- Искак кандайсың?
- Саламатсызбы? 
- Сенин шахматтагы биринчи мугалимиң ким?
- Мен шахматты 10 жашымда Руслан агайдан үйрөндүм, андан кийин Арзыбек агай сабак берип жатат. Үйрөнгөнүмө үч жыл болду.
- Шахмат эмнеси менен жагат?
- Мен башым ооруп же маанайым жок болуп турган кезде шахмат ойносом, башым оорубай, жакшы болуп калам. Негизи эле шахмат аябай жагат мага. Мындан да көп үйрөнүп чоң турнирлерде өзүмдүн күчүмдү сынап көргүм келет.
- Лагерге катышууңа ким түрткү болду?
- Лагерге катышуумду апам аябай туура көрөт. Ал карындашым экөөбүздү тең эки патокко жиберди. Апам дайым: “Силер шахмат үйрөнүп, жакшы эс алып келсеңер, акчабыз текке кетпейт”, - деп айтат. Анан шаарда өтө ысык, Ысык-Көлдө салкын. Досторум менен көңүлдүү эс алып жатам. Ушунун баары үчүн апама рахмат айткым келет. Апа, мен сизди жакшы көрөм. Сизди сагындым.
 
Ал эми лагердин эң кичинекей катышуучусу Сыймык үйүн сагынса да, тырышчаактык менен лагердин тартиптерине көнүп, ынтызарлык менен шахмат үйрөнүп жатыптыр.
- Сыймык кандайсың?
- Жакшы.
- Канча жаштасың?
- Жети.
- Лагерден эмнелерди үйрөндүң? Сабакты жакшы эле түшүнүп жатасыңбы?
- Ооба, агай мага үйрөтүп жатат. Досторум менен шахмат ойноп жатам. Кээде мен жеңип алам, кээде досум жеңет.
- Жаңы досторду таптыңбы?
- Ооба. Нурсултан, Алинур менен достоштум. Көлдө алар менен кум ойноп жатабыз.
 
Жогоруда шахматтын машыктыруучусу Руслан айткандай, 3 баланын ата-энеси балдарын лагерге катыштырып, өздөрү алардын жанында эс алып жүрүшүптүр. 
- Наргиза, саламатсызбы?
- Саламатчылык.
- Сиз кызыңыз Айназик менен лагердин 2 патогуна катышып жатыптырсыз, себеби эмнеде?
- Ооба. Жыл сайын кызым үчүн экинден патокко  калып эс алып жүрөм. Себеби кызымдын жайкы каникулу кызыктуу, пайдалуу өтүшүн каалайбыз. Атасы да болгон аракетин жумшап ушуга шарт түзүп берип жатат. Кызыбыз шахматты да үйрөнүп, жаңы досторду таап, тогуз балалуу ынтымактуу, үлгүлүү үй-бүлөнүн балдарынан үлгү алса деген тилегибиз бар.
- Лагердин шарттары сизди канааттандырдыбы?
- Ооба. Албетте. Ошон үчүн кайра-кайра келип жаткан окуучулар көп экенине күбө болдум. Бул жердеги тартип мага аябай жагат. Балдар сергектикке, ынтымакка тарбияланып жатат. Өз алдынчалыкка үйрөнүп, сабакка олутту карап жатканы кубантат. Анан жаштардын келечегине кайдыгер болбой, аларга шарт түзүп жаткан Съездбековдордун үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирем. 
 
- Кутмырза, саламатсызбы?
 
- Саламатчылык.
- Үч балаңызды лагердин 2 патогуна катыштырып жаткан экенсиз, балдардын кызыгуусу күчтүү го?
- Ооба. Үч баламды катыштырып өзүбүз да алардын жанында эс алып жатабыз. Балдар азырынча жаш болгондуктан, коштоп келдик. Былтыр да катыштык эле. Балдардын шахматка болгон кызыгуусу артып, ушул жылкы шахматты аябай күтүштү. 
 
-Лагердин уюштуруу иштери, шарттары кандай экен?
 
-Лагердин жетекчиси Таштекеев Съездбек байке үй-бүлөсү менен ушул жайкы лагерди 3-жылы уюштуруп жатыптыр. Уюштуруу иштерине, балдардын коопсуздугуна, саламаттыгына, эң негизгиси окуучуларынын элдин уулу болуп тарбияланышына бул үй-бүлө чын дилден жапа тырмак аракет кылганын көрүп кубандым. Мамлекеттен жардам күтпөй, тескерисинче, өлкөгө өз үй-бүлөм менен салым кошсом деген далалаты баарыбызга үлгү! Баарлашып жатканда алардын улуу максаттары, чоң пландары мени толкундатты. Ар бир баланы оорутпай, кырсыктатпай кайра ата-энесине жеткирип берүүнүн өзү канча жоопкерчилик! Ага кошумча аларга шахмат үйрөтүп, машыктырып, туура жолго багыттап туруунун өзү адамгерчиликтин, элин сүйгөн патириоттуулуктун үлгүсү да, чынбы?
 
Мен, биринчиден, ушул убакытта балдарына убакыт бөлүп, акчасын аябай атайын пайдалуу лагерге жиберген ата-энелеге да ыраазычылык билдирем. Экинчиден, өз балдарынын гана ийгилигин ойлобой, элдин балдарынын келечегине да күйүп-бышып жүргөн бул үй-бүлөгө чоң колдоо керектигин көрдүм. Канча жолу уйкудан калып, бардык кем-карчын өз мойнуна алып жоопкерчилик менен ар бир бала үчүн санаа тартып жүргөн Съездбековдордун мамлекеттин намысына жараган инсандарды тарбиялоого болгон аракети мамлекеттик деңгээлде колдоого татыктуу деп ойлойм. Анткени алардын улуу максаттарынын бири - жаш жеткинчектерди туура тарбиялоо жана кыргыздын атын чыгарып, улуттун туусун желбиретүү! Бул алардын гана эмес өлкөбүздүн кызыкчылыгы болгондуктан, мамлекет да көңүл бурушу керек! Ошондуктан аларга албан-албан ийгиликтерди каалап, элимдин, жалпы ата-энелердин атынан ыраазычылык билдирем!
 


Гүлзина Мыйзанбекова 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter