У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Вирустун очогу болгон Кытайдын Ухань шаары кадимки турмушка кайтып келди


Дүйнө элин аксатып жаткан вирустун очогу болгон Кытайдын Ухань шаары кадимки турмушка кайтып келди. Бүгүн, 8-апрелде   шаарга коюлган чектөөлөр алынып, кирип-чыгуу адаттагыдай калыбына келтирилди. Хубэй провинциясындагы бул шаар январдын аягынан бери толук изоляцияда болчу. 7-апрелде ал жерде коронавирус жуктурган учур катталган жок. Карантин жарыялангандан тарта шаардагы бүт кыймыл токтотулуп, изоляцияда болчу. Азыр каттамдар ордуна келип, эл бей-жай турмушун уланта баштады. 

Жаңы СOVID-19 вирусу Кытайда 2019-жылдын декабрынын соңунда тараган. Андан бери өлкөдө 82 500дөн көбүрөөк адамга илдет жугуп, 3300дөн ашууну жашоо менен кош айтышты. Бактыга жараша айыккандар көп болду. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter