У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кытайда эпидемия токтоду


Кытай бийлиги өлкөдө COVID-19 вирусун жаңыдан жуктургандар жокко эсе болгондугуна байланыштуу өлкөдө эпидемия токтогонун жарыялашты. Кытайдын Саламаттыкты сактоо маселеси боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Ми Фэндин айтымында өлкөдө вирусту жаңыдан жуктуругандар жокко эсе. Ошол себептен өлкөдө эпидемиянын токтогону расмий жарыяланып, коомдук транспорттор акырындан каттап, адаттагыдай турмуш улана баштады. 

Эскерте кетели, дүйнөнү каптап жаткан коркунучтуу вирустун очогу Кытайдын Ухань шаары болгон. Кытайдан жалпысынан 82 миң адам вирус жуктуруп, анын ичинен 3300ү кайтыш болгон. Ал эми 75 576 адам толугу менен айыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 3124 адам дарыланып жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter