У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кытай кадимки жашоого кайтып келди

Коронавирус илдетинин очогу болгон Ухань шаарында 23-январда коомдук транспорт каттамдары токтотулган эле. Толук эки айдан кийин Ухандагы метро ишке кирди. Бирок дагы деле беткап кийүү, аралыкты сактоо тартиптери күчүндө. 

“Станцияларда дене табын өлчөй турган апараттар, дезинфекциялоочу каражаттар коюлган. Метрого кирген ар бир  адамдын дене табы текшерилип, колдорун дезинфекциялашууда. Беткабы жок метрого кире албайсыӊ. Метронун отургучтарында аралыкты сакта деген жазуулар орун алып, дезинфекциялоочу каражаттар бардык жерде коюлган”- деп жазат   "Жэньминь Жибао" басылмасы. 

Эске сала кетсек, 25- мартта  Хубэй провинциясында каранттин токтотулуп, эл жумушка чыга баштаган. Азырынча аймакка  кирип-  чыгууга руксат бериле элек. Алдын- ала маалыматка ылайык, 8- апрелде Ухань шаары толугу менен ачылат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter