У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алматыда 11 жаштагы өспүрүм октон алган жаракатынан улам каза болду


 5-январда Алматы шаарында 11 жаштагы өспүрүм октон каза болгонун Казакстандын Баланын укуктары боюнча акыйкатчысы Аружан Саин 8-январда билдирди.
 
Анын айтымында, ошол күнү жергиликтүү тургундар балдары менен сейилдеп баратышканда ок чыгып, баланын өмүрү кыйылган.
 
Кошумчалай кетсек, 7-январь күнү дагы 15 жаштагы өспүрүмгө ок тийген. 
 
«Алматыдагы балдар ооруканаларынын бирине 15 жаштагы өспүрүм октон катуу жаракат алып, жеткирилди. Азыр дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп жатышат. Баланын атасы да ооруканада. Өспүрүм атасы менен унаада бара жатканда алардын унаасын атып кетишкен», - деди Саин.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter