Кербен шаарында унаада отурган адамга ок чыгарып, унаасын айдап кеткен деген шек менен ошол эле райондун эки жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
Облустук милициядан билдиришкендей, куралдуу кол салуу 8-ноябрдан 9-ноябрга караган түнү болгон. Саат 02:30дар чамасында Э. аттуу жаран «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү унаада отурган Аксы районунун 1996-жылы туулган тургуну А.С.га ок чыгарышып, унааны айдап кеткени тууралуу милицияга маалымат келип түшкөн. А.С. аймактык ооруканага жеткирилген.
Жогорудагы окуя боюнча топтолгон материалдар 9-ноябрь күнү Аксы РИИБде сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, 4 даана октун гилзасы табылып, далил буюм катары алынган.
Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн аныкташкан. Алар Аксы районунун М.А. жана 1997-жылы туулган А.Н. аттуу жаран экени аныкталып, М.А. 9-ноябрда кармалган. Райондук соттун чечими менен ал 2 айга камакка алынды.
Уурдалган «ВАЗ» унаасы Кербен шаарынын көчөлөрүнүн биринен табылды.
Азыркы учурда окуяга катыштыгы бар А.Н.нын жүргөн жерин аныктап, кармоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.