7-апрель. Ошто 12 адамдан жаман вирус табылды. Баары обсервацияда жаткандар
- 07.04.2020, 09:59,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Тилекке каршы вирус жуктургандардын саны күн санап өсүүдө. Өлкөдө жамал илдетке кабылгандардын жалпы саны 228 болду. Бугүн, 7-апрелде Ошто обсервацияда жаткан 12 адамдан жаман вирус табылды. Бул тууралуу 7-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Анын айтымында, оору жаңы аныкталган 12 адамдын үчөө - эркек, тогузу - аял. Баары Ош облусунда обсервацияда жаткан.
Жуктургандар:
Ош облусунда – 106
Жалал-Абад облусунда – 80
Чүй облусунда – 30
Нарын облусунда – 5
Баткен облусунда – 4
Ысык-Көл облусунда – 3
Министр кошумчалагандай, 228 адамдын 23ү айыкты, төртөө каза болду.