У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дагы 69 адамдын вирус жуктурганы аныкталды, жалпы 216 адам

Бүгүн, 6-апрелде Кыргызстанда дагы 69 адамдан коронавирус  аныкталды. Бул тууралуу онлайн  брифингде Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.  Беш адамдын абалы туруктуу оор болуп калууда.
 
«Вирус жуктуруп алгандардын баары обсервацияда жаткандар, аларды бүгүн ооркунага жаткырдык. Бир гана бейтапта клиникалык белгилер бар. Башкаларга клиникалык белгилери жок, бирок вирустун козгогучу бар” – деп билдирди министр.
 
Маалыматка ылайык, илдеттен айккандардын саны 10, стационардык дарыланууда жаткан  23 адамдын да анализдери таза чыгып, үйгө чыгарылыганы турат. 

Кече эки адамдын да илдеттен каза болгунун министр онлайн брифингде айтты. Жалпысынан коронавирустан көз жумгандардын саны 4 адамга жетти.
 
Вирус төмөнкү аймактарда катталган:
Ош облусунда жалпысынан 47,
Ноокат районунда – 42,
Кара-Суу районунда — 3,
Ош шаарында – 2, 
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда  - 13,
Бишкек шаарында – 5,
Нарын облусунда – 1,
Каракол шаарында – 1,
Баткен районунда – 1,
Чүй облусунда — 1.
 
Жалпысынан Кыргызстан боюнча 216 адам илдетке чалдыккан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter