У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн 22- мартта коронавирус жуктургандар катталган жок


Республикалык штаб 2020-жылдын 22-мартында коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок.
Бардыгы болуп республикада COVID-2019 кабылгандардын саны 14 (6 эркек, 8 аял):
Баткен облусу – 1 адам;
Сузак району – 8 адам;
Ноокат району – 3 адам;
Бишкек шаарында – 2 адам.
Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө.
Бейтаптар менен байланышта болгон жактардын саны - 2628 адам.
 Азыркы учурда инфекциянын чордондорунда эпидемияга каршы жана профилактикалык иш чаралар уланууда.

Буга дейре Жалал- Абад облусунун жетекчиси Нурболот Мирзахмедов коронавирус илдетине чалдыккандардын эӊ жашы 7 жашта экенин айткан эле.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter