У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Карызга 10 миӊ доллар алып алдап кеткен аял кармалды


 Милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелген 41 жаштагы бишкектик аялды кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
«Токмок ОИИБине жергиликтүү 43 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Ал ишенимине кирип, эки жуманын ичинде таап берем деп 10 миң доллар алып, кайра кайтарып бербеген бейтааныш аялга карата чара көрүүнү суранган», - деп айтылат маалыматта.
 
Алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Чүй облустук ишки иштер башкармалыгын кызматкерлери жана Токмак ОИИБинин кызматкерлери кылмышка шектүү 41 жаштагы борбор калаанын тургунун аныктап, кармашты. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter