У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкектин тургунун 1,8 миллион сомго алдап кеткен шылуун кармалды


Бишкекте уюлдук телефондорду алып келүүнү убада кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
 
Анын айтымында, 21 -июнда жаран милицияга арыз менен кайрылып, iPhone 12нин партиясын Кыргызстанга алып келүүнү убада кылган жаран С.Р.га карата чара көрүүнү суранган, шектүү 1 миллион 850 миң сомун алып, изин суутуп кеткен.
 
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси "Алдамчылык" боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Милиция кызматкерлери 25 жаштагы шектүүнү кармашып, убактылуу кармоочу жайга киргизишти. Шектүүнүн башка кылмыш фактыларына тиешеси болушу мүмкүн экени такталууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter