Жалал-Абад облусунун тургунун 4 миллион сомго алдап кеткен шылуун кармалды
- 25.12.2020, 11:40,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Сокулук РИИБинин кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун тургунун 4 миллион сомго алдап кеткен 58 жаштагы шылуун кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 12-декабрда Сокулук РИИБге Жалал-Абад облусунун 61 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан жер тилкелерин сатууга убада берген адамга 4 миллион сомдон ашык суммага алдангандыгын айткан.
Алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. 58 жаштагы шектүү кармалып, тергөө абагына киргизилген.