Караганда шаарында «тарзанкадан» секирген 33 жаштагы келин каза болду-видео
- 11.10.2021, 14:44,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Караганда шаарында 33 жаштагы келин 25 метр бийиктиктеги «тарзанкадан» секирип жатып каза болду. Бул тууралуу "Казинформ" билдирди.
Каргашалуу окуя Созвездие мейманканасынын аймагында болгон. Аттракцион мейманкананын чатырына орнотулган. Тарзанкадан» секирген келин жердеги бетон конструкцияга тийип, оор жараат алган. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген.
Ага операция жасалган, бирок медкызматкерлердин аракетине карабай ал каза болуп калган.
Учурда трагедиянын чоо -жайы иликтенип жатат.