У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Ок көкүрөгүн тешип өтүп, жүрөгүнө келип токтогон". Түнкү клубдун ди-джейинин өлүмүнүн чоо-жайы


Бишкекте түнкү клубдун ди-джейин атып кетишти. Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы  окуянын чоо-жайын айтып берди.

 "2021-жылдын 25-февралында саат 00:40 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын "102" кызматына белгисиз адам эс-учун жоготкон абалда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батиринде жаткандыгы тууралуу чалуу түшкөн.

Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге жөнөп кетишкен, ал жерге келип, текшерүү жүргүзгөндө көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринен белгисиз адамдын жансыз денеси табылган.
Өлүктү кароодо соттук-медициналык экспертиза дайындалып, маркумдун көкүрөгүнө мылтыктын огу тийип, ал жүрөккө жетип токтогону аныкталган. Милиция кызматкерлери маркумдун С.Д. аттуу 1983-жылы туулган жаран экенин аныкташты.

Бул факт Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын каттоосуна алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды", - деди маалымат катчы.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter