У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек шаарында мыйзамсыз орнотулган объектилер дале тазаланууда


Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамсыз орнотулган объектилерге каршы күрөшүүнү улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жолду реконструкциялоо долбоорунун алкагында Кулатов көчөсү №56 дарегиндеги капиталдык тосмо бузулду.

"Мындан тышкары Түштүк-2 кичи районундагы эки күркө алынды. Түшүндүрүү иштеринен кийин ал жерде дагы 3 күркө өз ыктыяры менен ээлери тарабынан демонтаждалды.

5-кичи райондо жана 35-үйдүн жанындагы эки соода күркөсү алынды. Ахунбаев жана Жунусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги арка демонтаждалды. Чалдыбар көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган эки күркөнү жана турак вагонун алышты.

Жибек-Жолу кең көчөсү менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишиндеги темир тосмо, Будённый көчөсүнүн боюндагы темир дарбазалар алынды", - деп жазылат маалыматта.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter