Чек арадагы чыр-чатак учурунда жараат алган бир адам каза болду
- 29.04.2021, 18:27,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак учурунда жараат калган бир адам каза болду. Бул тууралуу 29-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жараат алган маркум Баткен облустук ооруканасына келип түшкөн, абалы оор болгон. Дарыгерлердин көрсөткөн жардамына карабай, ал каза болуп калган.
Кыргыз-тажик чек ара чырында жараат алгандардын жалпы саны 17ге жетти. Анын ичинен эки адамдын абалы оор экени айтылган.