У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


3 жашар баласын өзүнө байлап, Нарын дарыясына секирген келинди сактап калышты


Түндө  Наманган аймагынан  агып өткөн Нарын дарыясына жаш келин баласы менен кошо секирип кетти. Бактыга жараша эне-баланы куткарып калышты. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышууда. 

Маалыматка караганда, 22-апрелде түнкү саат 01.20да Наманган облусунун Үчкурган районундагы Нарын дарыясындагы көпүрөнүн үстүнөн аял белгисиз себептерден улам баласы менен сууга түшүп кеткен.

Аталган аймакта нөөмөттө турган Улуттук Гвардиянын кызматкери жана жанында жүргөн адам аларды куткарып, биринчи медициналык жардам көрсөтүп, облустук медициналык бирикмеге жеткирилген. Сурак учурунда 1983-жылы туулган аял Наманган облусунун Үчкурган районунун тургуну экени белгилүү болду. Ал көпүрөдөн өзү эле кулабастан  2017-жылы туулган баласын өзүнө байлап алган. Учурда бул иш Учкурган РОВД тарабынан иликтенип жатат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter