Ысык-Көлдө 36 жаштагы жаран көлгө чөгүп каза болду
- 01.09.2021, 11:32,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ысык-Көлдө 36 жаштагы жаран "Алтын кум" пансионатында көлгө чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ӨКМга Бостери айылында 1985 -жылы туулган С.Д. чөгүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн.
Сөөктү издөө үчүн үч куткаруучу тартылган. Бирок кечээ издөө иштери өз жыйынтыгын берген эмес. Куткаруучулар сөөктү издөөнү бүгүн да улантышкан.