У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Быйыл мектептер 15-сентябрда ачылат


Быйыл жаңы окуу жылы 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда башталмай болду. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
 
Өкмөт мындай чечимди билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алган. 
 
Ошондой эле коронавируска каршы эмдөөдөн бардык тийиштүү кызматкерлер өтө электиги да окуу жылын эки жумага жылдырууга сеьеп болгон.
 
Кыргызстанда билим берүү мекемелеринде кенже жана техникалык персоналды кошкондо 153 миңдей кызматкер эмгектенет. 12-августка карата 56 миң кызматкер эмдөөдөн өткөн, бул 36,7% түзөт. Жамааттык иммунитетти түзүү үчүн бул көрсөткүч кеминде 70% болуусу шарт. Ал үчүн дагы 52 миңден кем эмес билим берүү кызматкери эмдөөдөн өтүүсү зарыл.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter