У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тебеленген баш мыйзам, өзүм билемдик менен иш алып барып жаткан жетекчилер!

 
Бүгүнкү күнү Кыргызстанда октябрь окуясынан кийинки абалды турукташтыруу максатында мыйзамдын жолу менен иш алып баруу аракеттерин көрүү өтө маанилүү экендигин жалпы коомчулук баамдап, жон териси менен сезип жаткандыр. 

Ооба, мыйзамдуу жол бул укуктук мамлекет үчүн эң маанилүү, мамлекеттеги туруктуулукту сактоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо, мамлекеттин жана коомдун турмушунда мыйзамга артыкчлык берүү. 

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган жана 5-майында Президент тарабынан кол коюулган Конституциянын 1-беренесинде «Кыргыз Республикасы  «… укуктук мамлекет…» деп белгиленген. 

Укуктук мамлекет деген кандай мамлекет? Эгерде илимпозтордун тили менен айта турган болсок мамлекеттин конституциялык укуктук мүнөздөмөсү. Тагыраак айта турган болсок элдин эгемендүүлүгүн, мамлекет тарабынан адам укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулбастыгын, мамлекеттин конституциялык түзүлүш менен байланышын, баардык башка мыйзамдарга карата конституциянын артыкчылыгын, бийликтин бөлүнүшүн, бийликтин жоопкерчилик институттарын негиз кылуучу принциптерге багытталган мамлекет укуктук мамлекет деп белгиленмекчи.

Жогорудагы укуктук мамлекетке тиешелүү болгон принциптерге таяна турган болсок, анда азыркы таптагы жүргүзүлүп жаткан укуктук реформалар Кыргызстанда демократиянын укуктук негиздерин, эркин экономиканы түзүүгө жана түпкүлүгүндө укуктук мамлекетти түзүүгө багытталып жаткан реформалардын бири болуш керек эле. Ошого ылайык реформалардын жүрүшү мыйзамдардын, эң оболу кабыл алынган Конституцияга артыкчылык берүү менен жүргүзүлүшү керек. Бирок, чу дегенде эле бийликтин туу чокусунда отурган чыпалак баатырлар бийликти өзүлөрүнөн чыгаргысы келбей Конституцияга каршы кадамдарды жасашты. Жоопкерчиликти өз моюнуна алган мамлекет башчыбыз чыгарган Жарлыктар баш мыйзамга каршы иштеп жатканы таң калдырбай койбойт! Муну менен эмнени айткыбыз келип турат десениз урматтуу окурман? Анда алгач ошол баш мыйзамга карата сары – эсеп салуудан баштайлы.

Конституциясынын   89-беренесинин 2-бөлүгүнө көз жүгүртө турган болсок, анда «Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттин Администрациясынын Жетекчиси болуп саналат” деп ташка тамга баскандай так жазылып турбайбы. Демек Конституциянын бул беренесинде каралган ченем боюнча азыркы учурда Министрлер кабинетин жетектеп турган У.А. Марипов бир эле учурда Президенттин Администрациясынын жетекчиси функциясын дагы аткарышы керек беле? Ооба эгерде биз укуктук мамлекетте жашап жатканыбызды сезе турган болсок, анда укуктук мамлекеттин негизги принциптери катары Конституция башка укуктук актылардан артыкчылыктуу катары, баш мыйзам катары түздөн-түз колдонулуш керек болчу. Бүгүнкү күндө жаңы кабыл алынган баш мыйзамдагы ченемдер бузулду десек болобу? Ооба болот, баш мыйзамдагы каралган ченемдер ачыктан-ачык бузулду. Муну Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2021-жылдын 7-майындагы чыгарган Жарлыгы боюнча Президенттин Администрациясы түзүлдү жана Конституциянын 89-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ченемдерге каршы турду. Тагыраагы Президенттик Администрациянын жетекчиси болуп С.С. Касмамбетов авабыз дайындалды. Муну менен бүгүнкү күнү Президент С.Н. Жапаров айтып келген мурунку Өкмөттүн Аппараты жана Президенттин мурунку Аппараты кошулат деген сөздөрү суу кечпей калды. 

Ал кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин дайындоо жөнүндөгү жарлыгында Министрлер кабинетинин аппараты өузүнчө, Президенттин Администрациясынын аппараты өзүнчө сакталып калгандыгында. Бирок С.Н. Жапаровдун жана баш мыйзамдын негизинде бир эле Аппарат иш алып барыш керек эле го! 

Эгер муну жалган дей турган болсоңуздар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык,   Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындоо жөнүндөгү Жарлыкка ылайык Калматов Анарбек Баратович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү, ошол эле учурда Абытов Алмасбек Ахунжанович – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул кызматты Конституциядагы каралган ченемдер боюнча бир эле адам аткаруусу абзел эле. Бирок андай болгон жок да ал жогорудагы факт менен далилденип жатпайбы. Бул кызматты бир эле адам алып барса Президент С.Н. Жапаров кол койгон Конституциясынын 89-беренесинин 1-бөлүгү боюнча “Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Президент жүзөгө ашырат” деген ченемге дагы туура келмек. Аткаруу бийлигин жетектеген бир кызмат адамынан эки кишини Жогорку Кеңешке өкүл кылуу логикага дагы туура келбейт. Жогорку Кеңешке эки штаттык бирдикти өкүл деп көрсөтүп, ал өкүлдөрдүн ар бирине экиден орун басар коюу менен мурунку түзүм сакталып жатпайбы. Муну кантип айтпай коесун, күйгөнүндөн айтасын, анткени жасалып жаткан кадамдар, иш-аракеттер элди алдоо, баш мыйзамды бурмалоо да. 

Бул бир гана көрүнүш эмес мындай мыйзамсыз чечимдер, айтылган сөздөрдүн бири-бирине каршы жасалып жаткандыгы бир нечелеп саналат.

Алардын катарына жүргүзүлгөн талдоолордун жыйынтыгы катары төмөндөгү түзүмдөр боюнча далилдерди белгилемекчибиз:
Иминов Махамаджан Саитович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы; 
Естебесов Адыл Жээнбекович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы. Конституцияга ылайык бул эки кызматты бир эле адис аткарыш керек болчу. Эми ар бир бөлүмдө бери жагы бештен адис иштейт. Ошондо эки бөлүмдүкү биригип онго жакын кызматкер эмгектенүүдө. Анан каяктагы мамлекеттик кызматкерлерди кыскаруу жөнүндө кеп кылмакчыбыз. Булардын баардыгы куру сөз бойдон калууда десек жаңылышпастырбыз. Ал эми булар кимдин каражатынан маяна алып жашашат, баягы эле карапайым эл.   
Абдысадыр уулу Азат –  Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын канцеляриясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын, башка актыларды редакциялоо жана котормо бөлүмүнүн башчысы; 
Рахматова Жанна Аскербековна – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын канцеляриясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын, башка актыларды чыгаруу бөлүмүнүн башчысы. 
Булардын бардыгын бириктирип бир эле түзүм кылып караса болбойт беле?

Муну менен эмнени айткыбыз келип турат? Муну менен Президентибиз өзү кол койгон, өзү башында туруп иштеп чыккан Конституциядагы ченемдерге каршы жасаган иш аракеттери, мамлекет башчы катары мыйзамды бурмалоосу укуктук мамлекеттин принциптерин тебелегендик. 

“Өзүм билем өтүгүмдү төргө илем” деген прирнциптерден кайтып, кетирген каталарын тез аранын ичинде оңдоо жолуна түшпөсү, мындай кадамдар Президентке жакшы аброй алып келбестир. Элге чыгып бирди айтып, факты түрүндө башка нерсени жасоосу дагы “калптын казаны кайнабайт” дегендей арышыңыз арылабай, ара жолдо калуу болуп калбасын деген ойлорду гана айтмакчыбыз.

Фабула пресс


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter