5-майда Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы, анын орун басарлары жана кабинеттин мүчөлөрү дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдирди. Жаӊы түзүлгөн Министрлер кабинетинин курамын төмөнкүдөй:
Улукбек Марипов – Министрлер Кабинетинин төрагасы;
Артём Новиков Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Улукбек Кармышаков – Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри;
Жылдыз Бакашова – Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
Азамат Дикамбаев – Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри
Министрлер кабинетинин мүчөлөрү:
-Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович – Коргоо министри;
-Казакбаев Руслан Айтбаевич – Тышкы иштер министри;
-Чынбаева Асел Рыспековна – Юстиция министри;
-Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович – Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри;
-Купешев Болотбек Дүйшөкович – Билим берүү жана илим министри;
-Иманалиев Кайрат Олжобаевич – Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
-Ажикеев Бообек Эргешевич – Өзгөчө кырдаалдар министри;
-Ниязбеков Улан Омоканович – Ички иштер министри;
-Абдралиева Гүлмира Курманбековна – Транспорт жана коммуникациялар министри;
-Турдубаев Кубанычбек Апышевич – Энергетика жана өнөр жай министри;
-Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович – Айыл, токой жана суу чарба министри;
-Шыкмаматов Алмамбет Насырканович – Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министри;
— Кутманова Динара Асиевна – Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы;
-Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы;