У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Парламентте Улукбек Мариповго ишеним көрсөтпөө маселеси көтөрүлдү


Сугат суу маселеси жана антикризистик чаралар боюнча 17-июнда парламентке маалымат берүү үчүн министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун келбей койгонуна нааразы болушкан Жогорку Кеңештин айрым депутаттары министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго ишеним көрсөтпөөнү сунушташты.

«Министрлер кабинетинин төрагасы азыркы сугат маселеси боюнча келип отчет бериши керек. Ал өзүн дагы деле премьер-министр деп эсептейт окшойт. Эми маселени «эрке бала» келгенге чейин жылдыралы ”, - деп сунуштады депутат Шайлообек Атазов. 

Ал эми Бакыт Төрөбаев Улукбек Мариповдун жоопкерчилигин кароону сунуштады. 

«Биз кандай кадамга барабызды чечишибиз керек. Министрлер кабинетинин төрагасына ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алабызбы? Бул министрлер биз менен басма сөз кызматы аркылуу сүйлөшө башташты», - деди ал.

Дагы бир депутат Уланбек Исмаилов да өлкөдөгү учурдагы кырдаалга байланыштуу Улукбек Мариповго ишениим көрсөтүүнү сунуштады. 

“Мен министрлер кабинетинин төрагасына ишеним көрсөтпөө тууралуу сунуш берем”, - деди депутат Уланбек Исмаилов.

Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытов Улукбек Мариповдун пландалган  жолугушуулары болгонун айтты.











Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter