У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"Көрүнүп тургандай суу аз..." Улукбек Марипов Орто-Токой суу сактагычына барды


Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Орто-Токой суу сактагычынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Көрүнүп тургандай, суу сактагычта чындыгында суу аз. Суунун деңгээли төмөндөдү, Чүй облусунда сугат суунун жетишсиздигинен улам Орто-Токой суу сактагычынан суу алынып жатат. Бул аргасыз чара болууда, кырдаал жөнгө салынары менен суу сактагычтан сууну коё берүү көлөмү кыскартылат", - деди Улукбек Марипов.

Суу сактагычтын абалы менен таанышууда министрлер кабинетинин башчысы бир катар маселелерди көтөрдү.

"Өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугу негизинен айдоо аянттарын сугат суу менен камсыз кылуудан көз каранды. Эгерде сугат каналдары тазаланбаса жана оңдолбосо, сууну коё берүүнүн натыйжасы төмөн болот. Суу талааларга жетпей калат. Бул маселе жылдан жылга курчуй берет. Сууга байланыштуу маселелерди чечүү үчүн сууга болгон тарифтерди кароо, жергиликтүү суу пайдалануучулар ассоциациясынын жоопкерчилиги сыяктуу комплекстүү мамиле керектелет. Эгерде бул ассоциациялар айыл өкмөтүнүн балансында болсо, анда каражаттар жергиликтүү казнага түшүп, дыйкандар жергилктүү бийликтен тийиштүү суунун көлөмүн талап кыла алат. Учурда министрлер кабинетинин күн тартибинде бул маселелер турат", – деди Улукбек Марипов.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter