У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сутка ичинде 969 адам вирус жуктуруп, 14 киши көз жумду

 
Кыргызстанда акыркы бир суткада 969 жаңы жугуштуу пневмония жана COVID-19 учурлары аныкталды, 14 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет.
 
Бишкек шаарында -611, Ошто- 6, Чүйдө --86, Ошто- 22, Таласта- 18, Нарында 20, Ысык-Көлдө- 59, Жалал-Абадда -88, Баткенде 59 учур катталган.
 
2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын 159 миң 89 учуру катталды.
 
Кыргызстанда бир күндө дагы 14 адам коронавирустан көз жумду.Бишкек шаарында сегиз, Чүй облусунда үч, Ысык-Көл облусунда эки, Нарын облусунда бир адам каза болгон.
 
2020-жылдын март айынан бери республикада 2275 адам коронавирустан каза болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter