У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сутка ичинде 1319 адамдан вирус аныкталды, 10 киши көз жумду


Кыргызстанда акыркы бир суткада 1 миң 319 жаңы жугуштуу пневмония жана COVID-19 учурлары аныкталды, 10 киши каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.
 
Бишкек шаарында- 715, Ош шаарында -25, Чүйдө -225, Ошто -87, Таласта -15, Нарында -5, Ысык-Көлдө --44, Жалал-Абадда- 109, Баткенде -94 учур катталган.
 
2020-жылдын март айынан бери республикада жергиликтүү жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын 135 миң 58 учуру катталды.
 
Кыргызстанда күнүнө дагы 10 адам коронавирустан көз жумган. 
Жети өлүм Бишкекте, үчөө Чүй облусунда катталган.
 
2020-жылдын март айынан бери республикада 2383 адам коронавирустан каза болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter