У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бүгүн коронавирустан жети бейтап каза болду, 379 адам жуктуруп алды

 
 Акыркы бир суткада Кыргызстанда  жугуштуу пневмония жана COVID-19 вирусунун 379 учуру аныкталды, жети бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.
 
Анын айтымында, Бишкек шаарында- 149, Ошто -50, Чүйдө -96, Ошто -32, Таласта- 1, Нарында -5, Ысык-Көлдө- 15, Жалал-Абадда- 22, Баткенде- 9 учур катталган.
 
2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 вирусун 107 714 учуру катталды.
 
Ал эми каза болгондордун бардыгы Бишкекте катталган.
 
2020-жылдын март айынан бери республика боюнча коронавирустан 1859 адам каза болду.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter