Коронавирус менен ооруп жаткан 1 миң 120 адамдын абалы оор
- 30.06.2021, 10:33,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда коронавируска каршы 11843 адам дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
8454 бейтап амбулатордук шартта (үйдөн), ооруканалардан - 3389 дарыланышууда, анын ичинен 962 адам оор, 158 адам өтө оор абалда. Оорулуулардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 2 миң 240 адам (же 66 пайызы) - орто оор деп бааланып, 29 бейтаптын абалы канааттандырарлык.