Коронавирус менен ооруп жаткан 1766 адамдын 197си оор абалда
- 09.04.2021, 11:08,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавируска каршы 1766 адам дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирет.
Анын ичинен 849 бейтап амбулаториялык негизде (үйдөн), ооруканалардан - 766 дарыланууда. Коронавирус менен ооруп жаткан 28 адам өтө оор абалда, 169 адам оор абалда. Оорулуулардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 562 адам (же 75 пайыз) - орто оор деп бааланууда. Жети адамдын абалы канааттандырарлык.