Коронавирус менен ооруп жаткан 813 адам оор абалда
- 21.06.2021, 10:56,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда 7 миң 206 адам коронавируска каршы дарыланууда. Анын ичинен 101 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
4 миң 803 бейтап амбулаториялык шартта (үйдөн), ооруканалардан - 2 миң 403 дарыланууда. Анын ичинде 101 адам өтө оор, 712 адам оор абалда. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 1 миң 566 адам (же 65,1 пайыз) - орто оор деп бааланып, 24 бейтаптын абалы канааттандырарлык.