Кыргызстанда 3250 адам коронавирус менен ооруп жатат, анын ичинен 407 адамдын абалы оор
- 26.04.2021, 10:23,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда 3250 адам коронавируска каршы дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги маалымдайт.
1 миң 801 бейтап амбулатордук шартта (үйдө), ооруканаларда - 1 миң 449 дарыланууда. Анын ичинде 62 адам - өтө оор абалда, 345 - оор. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 1 миң 29 адам (же 71 пайызы) - орто оор деп бааланууда, 13 адамдын гана абалы канааттандырарлык.