Акыркы бир суткада жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын дагы 305 учуру аныкталды, алты адам коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында -186 учур катталды, Ош шаарында - 7, Чүй облусунда - 89, Таласта - 4, Нарында - 1, Ысык-Көлдө - 12, Жалал-Абадда - 4, Баткенде - 2.
Ал эми каза болгондордун төртөө Бишкек шаарында, экөө Чүй облусунда катталган.
2020-жылдын март айынан бери республикада 1540 адам каза болду.