Коронавирустан 3 бейтап каза болуп, 385 адам вирус жуктурду
- 07.05.2021, 11:06,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда бир күндө үч бейтап коронавирустан көз жумду, 385 адам вирус жуктурду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Маалматка ылайык, каза болгондор Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында катталды. 2020-жылдын март айынан бери республикада коронавирустан 1643 адам каза болду.
Ал эми вирус жуктургандар: Бишкек шаарында -226, Ошто -12, Чүйдө -108, Ошто -4, Нарында -16, Ысык-Көлдө -15, Баткенде -4 учур катталган.
2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын 97 миң 663 учуру катталды.