У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Карыяны мүрзөгө алып барып өлтүрөбүз дегендер кимдер экени аныкталды


Нарында карыяны коркутуп, видеого тарткан 27 жаштагы Ж.А. менен 28 жаштагы М.М. аттуу адамга иш козголду. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин социалдык тармактарда автоунаанын ичиндеги эки кишинин "колу-бутун байлап, талаадан, мүрзөдөн өлтүрөбүз" деп карыяны коркуткан видеосу тараган. Маалым болгондой, окуя Кочкор районунда болгон.

"Аталган факты Кочкор РИИБи тарабынан каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө видеону тарткан жарандардын ким экени такталды. Алар Кочкор районунун 27 жаштагы Ж.А. жана 28 жаштагы М.М. тургундары экендиги аныкталган. Окуянын чоо-жайын тактоо үчүн алар Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген", — деп жазылат маалыматта.

Шектүүлөргө Кочкор РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") боюнча сотко чейинки өндүрүш жана териштирүү иштери жүрүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter