У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткенде Тажикстандык 2 жаран чек араны бузуп өтүп келип, мөмө жемиштерди жашыруун жүктөп жаткан учурда колго түштү...


Өлкөдөгү жарыяланган өзгөчө кырдаалга карабай  Тажик жарандары мамлекеттик чек араны бузуп өтүп келип, кыргызстандык 33 жаштагы Н.У. аттуу тургун менен биргеликте  жашыруун жол менен алып өткөн кургатылган мөмө-жемиштерди сатуу максатында оор жүк ташуучу 4 унаага жүктөп жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу  Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда элге коопсуздук чараларынын сакталышын, эскертип жүргөн учурда Баткен районунун аймагында кыргызстандык жаран коңшулаш Тажикстандын мыйзамсыз миграция иштерин уюштуруп жаткандыгы боюнча ыкчам маалымат түшкөн. Аталган маалымат факты Жоруктар Кодексинин 122-беренеси (мыйзамсыз миграция уюштуруу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин уюштурулуп, 3-май күнү Баткен районунун Достук айылынын Как-Сай участкасында атайын мыйзамсыз жүктөрдү алмаштыруу максатында тосмо менен тосулган базада ошол айылдын 33 жаштагы Н.У. аттуу тургуну жашыруун жол менен алып өткөн кургатылган мөмө-жемиштерди сатуу максатында Тажикстандын 2 жараны менен оор жүк ташуучу 4 унаага жүктөп жаткан жеринен кармалышты. Тажик жарандары мамлекеттик чек араны бузуп өтүп келгендиги аныкталып, обсервацияга жаткырылып, анализдери таза чыккан. Андан соң убактылуу Баткен райондук соту тарабынан 1 айга камакка алынды.
Жогорудагы кармалган жүктөр боюнча Жазык кодексинин 223-беренесинин 1-бөлүгү (экономикалык контрабанда) менен, ал эми мыйзамсыз чек араны бузуп өткөн тажик атуулдарына Жазык кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгү (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter