У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Уулу 10го чыкса да мектепке жибербеген атанын иши сотко өттү...


Жалал-Абадда уулу 10 жашка чыкса да диний ишенимдерден улам мектепке бербей жүргөн атанын иши сотко өттү. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Буга чейин Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын адистери шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде жашаган, «Йакын Инкар» агымынын өкүлү деп эсептелип келген үй-бүлө уулун мектепке жибербей жатканын айтып чыккан болчу.

Динге берилген жаран уулун мектепке жөнөтпөй жатканын  башкармалыктын адистери үймө-үй кыдырууда аныкташкан. Башкармалыктын адистери бир нече жолу сүйлөшүүгө барган менен баланын атасы «өзүм окутуп алам» деп окууга жиберүүдө баш тарткан. Мындан улам баланын тагдыры Жалал-Абад шаардык мэриясынын балдар иштери боюнча комиссия талкуулап, маселе хатибиятка тапшырылган. Дин өкүлдөрү үй-бүлөгө барган тапта баланын атасы 4 айлык даватка кеткени маалым болгон.

Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына караганда, 2020-жылдын март айында Жалал-Абад шаарынын 1977-жылы туулган тургуну А.Т. Жалал-Абад шаарынын тургундарын дин менен жашоого, мектепке балдарын жөнөтпөй, исламдан башка билим албоого, ооруканага барбай, ар кандай ооруларга каршы эмдөөлөрдү албоого, КРнын Конституциясына жана башка мыйзамдарына баш ийбөөгө үгүттөп, жарандардын арасында ислам дини боюнча терс түшүнүктөрдү таратып жүргөндүгү боюнча маалыматтар алынган. Ошондой эле мектеп жашындагы уулун мектепке берүүдөн баш тартып келгени да айтылган.

Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан өткөн «Нелегал» операциясынын алкагында бул факты Жазык кодексинин 314-беренеси (экстремисттик уюмду түзүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Аталган адамдан алынган далил буюмдарга теологиялык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган буюмдар КРнын аймагында тыюу салынган «Йакын Инкар» агымына таандык экендиги аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иши соттун кароосуна жөнөтүлдү.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter