У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


18 жаштагы кызды 2 жылдан бери зордуктап, уруп жүргөн жаран кармалды


Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 2003-жылы туулган кыз 2 жылдан бери өз эркине каршы зордуктап жүргөн, ал тургай аны урган шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта жазылгандай, 18-май күнү шектүү 1992-жылы туулган Т.Д. аттуу жаран Кызыл-Кыя шаарынан жабырлануучу кызды коркутуп, кыздын эркине каршы өз унаасына салып, түнү менен Ош шаарына келген. Жолдо аны коркутуп, урган. Телефонун талкалап салган. Негизинен шектүү кызды кызганып, "башка жигит менен жүрөт экенсиӊ, мен сени бербейм эч кимге" деп урган. 19-май күнү эртең менен саат 09.00 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүнүн жүргөн жерин аныктап, унаасында отурган жеринен кармашкан.

Алгачкы тергөөдө шектүү жаран 2003-жылы туулган кыз менен кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүшүп, кызды 2019-жылы бир нече ирет зордуктаган. Андан соӊ анын эркине каршы "сени зордуктаган учурду видеого тартып алгам" деп коркутуп жүргөндүгүн айтып көрсөтмө берген. Ал убакта жабырлануучу болгону 16 жашта болгондуктан милицияга арыз жазуудан корккон. Жабырлануучу бул көрсөтмөлөрдү шектүүнү камай турган болсо гана бере ала турганын айтып берген. "Камабасаӊар менин берген көрсөтмөлөрүм үчүн бул баладан корком" деп билдирген.

Учурда жазык кодексинин "Адам уурдоо" беренеси (170-берене) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бүгүн, 22-майда Ош шаардык соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карайт.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter