У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


21-кылымдын баатыры! Аялын мыкаачылык менен сабаган жарандын видеосу тарады...


Фейсбук тармагына эркек кишинин аялды жазалап жаткандагы видеосу тарады. Анда аялдын колу байланган, моюнуна дөңгөлөк, таш артылганын, эркек кишинин ага баштан ылдый чакалап суу чачып, жаакка чапкылап жатканын көрүүгө болот.
Мындай өз алдынча жаза берүү көрүнүшү дароо интернет колдонуучулар тарабынан талкууга алына баштады. Көбү окуянын келип чыгуу себебине кызыкса, дагы башкалары аялга карата кордук көрсөткөндүгү үчүн бул көрүнүш көз жаздымда калбасын деген талаптарын айтышууда.

Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы билдиришкендей, окуя 8-июнда болгон. Таш салынган дөңгөлөктү аялдын моюнуна артып алып жазалаган. 
"Окуя Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айылдардын биринде орун алган. Сузак районунда 1969-жылы туулган тургун Б.З. үйүндө 1973-жылы туулган М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБине арызданган. Бул окуя Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси "Үй-бүлөдөгү зомбулук" менен катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Күйөөсү 11-июнда саат 18:00 чамаларда Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген", - деп айтылат маалыматта.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter