Казакстанда вирус жуктуруп алгандардын саны 53 адамга жетти
- 21.03.2020, 12:57,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, Казакстанда вирус жуктурган жаӊы 4 адам катталды. Бул туурасында «Tengrinews.kz» жазып чыкты.
Буга чейин коронавируска чалдыккандар Нур- Султан, Алматы жана Карагандадан катталса, 21- мартта Талдыкоргондо вирус жуктурган биринчи адам катталып, ооруканага жаткырылган.
Эске сала кетсек, Казакстанда 13- мартта биринчи жолу вируска чалдыккан адам катталып, 16- марттан 15- апрелге чейин өлкөгө өзгөчө
кырдаал режими киргизилген.
19- марттан тарта вирус эӊ көп катталган Нур- Султан менен Алматы шаарлары карантинге алынган.